Өлкөгө Түркиядан 15 даана кычкылтек концентратору келди

Түркиядагы Кыргыз жарандары жөнөткөн 15 даана кычкылтек концентратору Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3 күндүн ичинде бул жабдыктар Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы медицина мекемелерине таратылып берилет. Аманатты "Кыргызстан достук жана маданият" коомдук бирикмесинин өкүлү Туйгун Эргешов тапшырды.

Жалпы наркы 10 миң долларлык гуманитардык жардамды коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабыл алды. Түркиядагы Кыргыз жарандарынын айтымында, бул колдоо акыркысы эмес. Алар учурда өлкөгө муктаж болгон дары-дармектерди алып келүү жаатында иш алып барышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан