Бишкекте 5-курсту аяктаган Пакистандын студенти белгисиз жарандар тарабынан сабалганы боюнча видео тарады. Жабырлануучу мындан мурун стационарлардын бирине бекер иштеп берүүгө даяр экенин айтып, аны шаардагы №95 мектепте ачылган стационарга жумушка алышкан.
Бул факты катталганын Чүй ОИИББи тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июль күнү саат 23:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Пакистан Республикасынын 22 жаштагы Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Арызда ал денесинен жаракат алганын, бул факты боюнча тийиштүү адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.
Окуя "Тёплые ключи" курортунда болгон. Ошондой эле арыз менен 20 жаштагы А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С. жана 25 жаштагы А.И. аттуу жарандар кайрылган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда, мушташкан жарандар тарап кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тийиштүү бардык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталды. Учурда аларды кармоо иштери жүрүүдө.
Бул фактыны ички иштер министри өз көзөмөлүнө алды.