Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси пневмониядан көз жумду

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдрахим Абдрасилов пневмониядан каза болду. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан бүгүн, 10-июлда кабарлашты.
Абдрасилов Абдрахим Акчалович 17 жыл аталган шаардык транспорт башкармалыгында эмгектенген.
Ал 1955-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун (мурдагы Киров) Чеч-Төбө айылында төрөлгөн.
1979-жылы Москва жол институтун инженер-механик адистиги боюнча билимин аяктаган.
Эмгек жолун 1992-жылы "Шаардык жүргүнчү ташуучу автоунаа ишканасы" муниципиалдык мекемесинен баштаган.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кызматы үчүн "Автоунаадагы эмгек сиңирген ишмери" наамын алган.

SUPER.KG порталы Абдрахим Абдрасиловдун көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан