Украинанын Днепр шаарында COVID-19 пандемиясынан өлгөн адамдарды көмүүгө даярдалып, атайын 600 мүрзө казылды.
Мындан тышкары шаар бийлиги 2 миңден ашуун калың полиэтилен баштыктарына буюртма берген. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазып чыгышты.
«Днепр аймагында коронавирустан каза болгондорго алдын ала даярдык иретинде 600дөн ашык көрүстөн казылды. Мүрзөлөр трактордун жардамы менен казылды. Мындай чечим шаар бийлиги тарабынан кабыл алынган», - деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдарда технологиялык жана экологиялык коопсуздук боюнча шаардык комиссия коронавирустан каза болгон маркум болсо, анын табытын ачууга тыюу салууну пландаштырууда. Ошондой эле соттук-медициналык эксперттерди коронавирус инфекциясынан коргоо максатында өлгөн адамдардын сөөгүн изилдөөгө жиберүүгө тыюу салуу керектигин да карап жатышат.
"Ооба, бул сан чынында коркунучтуу экенин түшүнүп жатам. Биз кырдаалдын мындан ары кандай өнүгөрүн билбегендиктен, ушундай чечим кабыл алдык", - деп билдирген шаар мэринин орун басары Михаил Лысенко.