Бишкектеги күндүзгү жана түнкү нөөмөттө иштеген стационарларга кайрылган тургундардын саны күн сайын азайып, кезек күткөндөр дээрлик жок. Өткөн суткада (21-июлда) күндүзгү медициналык жайларда 3 миң 286 жаранга медициналык жардам көрсөтүлүп, 590 адам түнкү стационарларга кайрылган. Бактыга жараша каза болгондор жок.
Күндүзгү стационарлар ачылгандан тартып 20-июлга чейин 62 миң 326 адам кабыл алынган, алардын ичинен 46 миң 209 бейтапка тамчылатып ийне саюу кызматы көрсөтүлсө, 15 миң 786 жаранга дарыгердин кеңеши берилген. 322 адам ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы, 11 адам каза болгон
Ал эми түнкү стационарлар (15-июлдан 22-июлга чейин) 4 миң 318 адамды кабыл алган, анын ичинен 15 бейтап ооруканага жаткырылган. 2 бейтап көз жумган дешти мекемеден.