Дезинфекциялоо иштерине колдонулган аралашма кантип даярдалат? Министр жооп берет

Дезинфекциялоо иштерине колдонулган аралашманын тегерегиндеги сөздөргө акыркы күндөрү чекит коюлбай келип жатат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жообун басма сөз кызматы таратты.

- Дезинфекциялоо иштеринен кийин пневмония менен ооругандар көп болууда?
- Дезинфекциялоочу каражаттардын партиясы келгенде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери корутунду берүү үчүн аны мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жергиликтүү борборлоруна экспертизага жиберишет. Лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери чечимди андан ары даярдоо боюнча сунуштарды беришет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 2020-жылдын 30-мартындагы каты аркылуу берген көрсөтмөсүнө ылайык дезинфекция аралашмасы төмөндөгү тартипте колдонулуп келүүдө.
10 литр сууга 100 грамм гиплохлорит Са порошогу же болбосо 2 даана Хлормисептик - Р хлор таблеткасы колдонулат.
100 литр сууга 1 килограмм гиплохлорит Са порошогу же 20 даана Хлормисептик - Р хлор таблеткасы кошулат.
1000 литр сууга 5 килограмм гиплохлорит Са порошогу же 200 даана хлор таблеткасы Хлормисептик - Р кошулмалары кошулат, - дейт министр.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан