УКМКга чакырылган мурдагы элчи Кылычбек Султан бүгүн, 23-июлда саат 11:00дө суракка кирип кетти.
Ал УКМКнын суракка чакыруусу боюнча SUPER.KG порталына мындай деди: "Акыркы жылдары мамлекет орчундуу, олуттуу иштер менен алектенбей, коркутуп-үркүтүү, ооз жаптыруу иштери менен алектенип жатат. Кандай гана себеп менен чакырышса дагы бул көрүнүш коркутуу-үркүтүү, жазалоо аракети болуп саналат. Элдин пикирин ээн-эркин айтууга бөгөт коюу аракеттеринин бири".
Буга чейин, 6-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыккан эле.