«Мен полициянын башчысына жубайыма карантинди бузган башка адамдардай мамиле кылуусун айттым. Ал эч кандай артыкчылыкка ээ болбойт. Менин жубайым бойго жеткен адам, ал өзү чечим кабыл алат. Бул кырдаалда ал жоопкерчиликсиздигин көрсөттү. Эми ал башка тартип бузгандар сыяктуу эле кылган ишинин кесепетин көрөт. Бул окуя үчүн уялып жатам жана Олтон шаарынын жашоочуларынан кечирим сурайм", - деген мэр.
Маалыматка ылайык, Иллинойс штатында бир үй-бүлөдөн ашык адамдардын чогулуусуна тыюу салынган. Тартипти бузгандар, алардын арасында эми мэрдин жубайын да 2500 доллар айып пул төлөө же 364 күндүк камак күтүп турат.