Депутат Тариел Жоробеков өлкөдөгү вирусологдорду окутуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Коронавирус башталганда биздин медицина кызматкерлери даяр эмес экенин көрсөттү. Бүгүнкү күндө коронавирус менен ооруган адамдардын 25 пайызга жакыны медицина кызматкерлери. Бул оору менен күрөшүүдө тажрыйбанын жоктугу билинди. Вирусологдордун штаты аз. Дарыгерлерди даярдоо, окутуу боюнча маселе каралдыбы?", - деп сурады депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикеримов: "Дүйнө жүзүнө келген апаатка биз даяр эмес экенибиз көрүндү. Вирусологдор аз экен. Иштеп жаткан кызматкерлердин билим деңгээли начар экени белгиленди. Вирусологдорду окутуу маселеси каралган", - дейт.