Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны 4 миңге чукулдады

Казакстанда коронавирус илдети менен ооругандардын саны 3 миң 877ге өстү. Оорулуулардын ичинен 1 миң жаран айыгып, медициналык жайдан чыгарылса, 26 жаран каза болду.

Коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов оорудан айыккан 1000чи бейтап Кызылорда облусунун 30 жаштагы тургуну экенин билдирди деп жазышат казак басылмалары.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы келин 16-апрелде коронавирус инфекциясы менен ооруканага келип түшкөн. Анын абалы орто оор деп бааланып жаткан. Тиешелүү дарылануу курсунан кийин бейтап айыгып, кайталанып алынган анализдери таза чыккан. Илдеттен арылган келин 21 күнгө үй карантинине жиберилди деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursultan93
2020-05-03 18:25:12
Эртерек бизден жана биздин бир борубуздан ушул оорулар кетсин. Сабр тилейм менин казак бир тугандарыма.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан