Коңшу Казакстанда эпидемиология башталгандан бери жалпы 48 миң 220 бейтап коронавирус илдетин жеңди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы бир сутка ичинде 1 687 адамдан илдет аныкталса, анын ичинен 911и оорунун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 776сы вирустун симптомдору жок өтүп жатканы аныкталган.
Жаңы аныкталгандардын эң көбү Алма-Атада (247), Чыгыш Казакстан облусунда (216) жана Атырау облусунда (180) калгандары башка аймактардан катталган.
Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын жалпы саны 78 миң 486га жетти.