Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги чоң экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июнда онлайн брифингде билдирди.
"Учурда коомдук транспортко чектөө киргизүү маселеси турат. Бул өлкөдө вирусту кайдан жуктурганы белгисиз болуп жаткан учурлардын көптүгүнө байланыштуу. Ал эми коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги чоң. Биздин жарандар кабыл алынган чектөөлөргө түшүнүү менен карап, кайдыгерликке барбайт деп ишенем", - деди министрдин орун басары.