Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 4;
Ош облусунда – 2;
Ош шаары – 1;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Баткен облусунда – 4.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3227 учур катталды, алардын ичинен 2918 медкызматкер айыгып чыкты.