Бразилияда бир суткада 55 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталды

Бразилияда акыркы бир сутка ичинде 55 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталды. Мындай маалымат аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, Бразилияда акыркы суткада 55 миң 891 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 1 миң 156 бейтап көз жумган. COVID-19 вирусу өлкөгө келгенден бери жалпысынан 2 миллион 343 миң 366 адам бул илдетке чалдыккан. Анын ичинен 1 миллион 592 миң 281и айыгып чыкса, тилекке каршы 85 миң 238 бейтап көз жумган.

Бразилия дүйнөдө коронавирус инфекциясы эң көп катталган өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан