Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кайсы гана мамлекет болбосун оорунун күчөгөн мезгилинде дары-дармектер боюнча маселе жаралган.

“Бул бизде гана болгон жок, башка өлкөлөрдө дагы байкалды. Муну айтканымдын себеби, азыркы эпидемиологиялык кырдаалда ушул нерсенин кайталанышына жол бербешибиз керек. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, сиздерден суранарыбыз июль айындагыдай дүрбөлөң түшпөөнү суранабыз! Бүгүнкү күндө ар бир фарм компанияларга дары-дармектерди үзгүлтүксүз алып келип туруусу боюнча жана кийинки алынып келе турган мүмкүнчүлүктөрү боюнча убагында маалыматтар алынып жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады”, - деп белгиледи ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан