Бүгүн, 27-июль күнү саат 16:00дө мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга кайрадан суракка кирип кетти.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак, 21-июлда мурдагы элчи социалдык тармактагы баракчасына "5-август 2020-жыл. "Сооронбай Жээнбековго – импичмент!". Кайдыгер эмес жарандардын нааразычылык митинги" деген билдирүү жарыялаган болчу. Анын эртеси эле УКМК аны суракка чакырган. Биринчи сурак 23-июлда, экинчиси 24-июлда болгон. Сурактын маңызы тууралуу тил катка кол койгону үчүн мурдагы элчи комментарий берген эмес.
Кылычбек Султан УКМКнын суракка чакыруусу боюнча SUPER.KG порталына буга чейин мындай деген: "Акыркы жылдары мамлекет орчундуу, олуттуу иштер менен алектенбей, коркутуп-үркүтүү, ооз жаптыруу иштери менен алектенип жатат".
Буга чейин, 6-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан журналисттерге маалымат жыйын берип, анда элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыккан эле.