Бүгүн, 27-июлда Кыргыз өлкөсүнө Түркиядан 165 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарандар «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча Түркиядан Кыргыз жарандарын жана Кыргыз өлкөсүнөн Түрк жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.
Бул каттам Кыргыз мамлекетинин президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.