Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө 30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өлкөдө коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза болду. Бул кыргыз эли үчүн оор жоготуу болду.
Каза болгондорго аза күтүү менен, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:
Коронавирус инфекция пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.
Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.
Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын", - деп жазылат жарлыкта.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.