Дүйнөдө коронавирус пандемиясы тездик менен жайылып жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус брифингде айткан.
Брифингге ылайык, ушул бейшембиде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "COVID-19 эл аралык кооптонууну жаратат" деп жарыялагандан бери 6 ай өткөнүн айтты.
"Эл аралык саламаттыкты сактоо эрежелерине ылайык алтынчы жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Албетте, эң катуу. Учурда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус аныкталган 16 миллиондон ашык адам катталганын, 640 миңден ашуун адам каза болгонун билдирди. Пандемия тездик менен күчөдү", - деген Гебреисус.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус инфекциясын 16 миллион 497 миң 310 адам жуктуруп алгандыгы аныкталды.