Иттин шорпосунан коронавируска даба издегендерге дарыгер кеңеш берди

Акыркы күндөрү коронавирус илдети өлкөдө жайылып жаткан сайын адамдар да дабаны ар кандай азыктардан издей баштады көрүнөт. Дегенибиз, айрымдары өпкө оорусун айыктырат деген ишенимде иттин этин жеп, шорпосун ичсе, кээ бири иммунитетти түшүрбөйт деп суур этин жеп жатканын айтышууда.

Ал эми кээ бир шаар тургундары Бишкекте жолбун иттердин азайып кеткенин айтышса, айрым интернет колдонуучулары иттин өлүктөрү көчөдө жатканын социалдык тармактарга жазып чыгышкан.

Адамдар, эсиңерге келгиле, иттин майы пневмонияга жардам бербейт. Китеп ачып окуп көргүлө, силер бей күнөө жолбун жаныбарды өлтүрүп жатасыңар, алар ансыз деле оорулуу, алардан эхинококк сыяктуу жугуштуу илдеттен башка эч нерсе таппайсыңар. Биз 21-кылымда жашап жатабыз, дарыгерлерге кайрылгыла”, - деп жазган автору белгисиз жаран социалдык тармактагы баракчасына.

Ал эми коронавирусту дарылоонун мындай ыкмасын дарыгерлер сунуштабайт. “Негизи бул тууралуу биз көп эле айтып жүрөбүз. Ачыгын айтканда жардам бербейт. Кандай болгон күндө дагы дарыгерге кайрылуу керек. Мындай нерселерди мен сунуш кылбайт элем”, - деп билдирди Бишкек шаардык №1 оорукананын пульмонолог дарыгери Замира Отонбаева.

Иттин шорпосу коронавируска жардам береби?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
souza.j
2020-07-28 22:50:59
Социалдык
-1
Aituwas
2020-07-28 23:16:28
Байкуш иттер
-1
Guliza85
2020-07-29 01:10:15
Эми ит жеп,дагы бир ооруну таап чыкпагыла.Кытайлардан эмне айрыманар бар,ал акмактар жарганат жеп ушул коронавирус оорусу пайда болду го.Эсинерге келгилечи обу жоктонуп оюнарга келгенде жей бербей!!!
+5
Agayu
2020-07-29 01:20:50
Баары акылсыздыктан, изденбегендиктен , бири бири менен салыштырбагандыктан , ушундай жашоодо жашай беребиз.Эгер Ит ырас даары болсо , Корейстерде эмнеге опко оорулары коп, алардын салтында ит жэген бар .Азыр ага жаштар каршы чыгып жатышат.Биз туура эмес жашап жаткан экен элек деп.Бир акылдуу айткан созу бар .Смотри фильм зарубежный, читай книгу иностранный автор .Кордунорбу башкалардын акылын уурдап, акылдуу болуп атышат.Мен айттым , калганын озунор вывод кыласынар
+1
Bayjigit83
2020-07-29 08:50:12
Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип айткан: "Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам):

АЛЛАХ ТААЛА ООРУНУ пайда кылып, анын ДАРЫСЫН да жаратып койгон. Ошондуктан, ШЫПААСЫН ИЗДЕГИЛЕ, бирок харам нерселерден шыпаа издебегиле!"-деген.

+5
Hanzada.sabih
2020-07-29 12:21:36
Арам нерседе шыпаа жок!
+1
jorobek.kg
2020-07-29 13:16:32
Иттин Погун жегиле деселер не кылмак экендер
0
sainazarov0555
2020-07-29 14:18:24
jorobek.kg,:))))
0
AksyKum
2020-07-29 15:29:53
jorobek.kg,деселер аныда жешеттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан