Казакстандын 2 жараны коронавирус менен жабыркаганы аныкталды

Казак 2 жаранынан коронавирус аныкталды. Алар Германиядан келгенин казак басылмалары Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановго шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

"Өзүңөр билгендей, биз 3 айдан бери коронавирустун өлкө аймагына кирбеши үчүн бардык тиешелүү чараларды колдонуп жатабыз. Бүгүн, 13-мартта Германиядан келген жарандар коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталды. Алар Алматы шаарындагы стационарга жеткирилип, карантинге алынды. Бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат", - дейт Казакстандын саламаттыкты сактоо министри.

Кечээ, 12-мартта Казакстанда бир катар коомдук жайлар убактылуу жабылып, 15-марттан тарта колледждер жана жогорку окуу жайлар онлайн окууга өтөрү маалымдалган.

Буга чейин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус 11-16-март аралыгында Казакстанда катталышы мүмкүн деп билдирген эле. Бул билдирүүдөн кийин Елжан Биртанов "Башкы санитардык дарыгердин айтканы статистикалык моделдөө аркылуу жасалган божомол гана" деп жооткоткон комментарий берген болчу.

Алматы шаары менен Бишкек шаарынын аралыгы 240 чакырым аралыкты түзөт.

Казакстандын 2 жараны коронавирус менен жабыркаганы аныкталды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Omar.
2020-03-13 14:57:43
Башталды
+1
assanov97
2020-03-13 15:14:51
Министр айты элего 11.16 марта келет деп
+4
assanov97
2020-03-13 15:15:02
Мурдале келгенго
+2
Shaa-82
2020-03-13 15:19:58
Жанагы 2 депутатты да Германиядан келди деп атат беле? Ушундай саякаттагандарын токтотуп турушса болмок, Германияга барып эле эмнени кыйратып чечип салышмак эле булар.
+10
JaneEr
2020-03-13 15:24:03
Биздеги Бишкектеги Германиядан келген инфекцияда жаткан температурасы бар чал дагы коронавирус болушу мумкун
+2
Samatalibei
2020-03-13 15:24:51
Чын так маалымат бекен? Эгер чын болсо сак болушубуз керек Тийиштүү чараны колдонгула Минздрав!
+6
raikakyz
2020-03-13 15:33:38
Кудай сактасын элибизди.
+5
raikakyz
2020-03-13 15:34:23
Сактыка кордук жок эле,бизде дагы окуу жайларды жаап турса болмок.
+4
aydinnur
2020-03-13 15:52:03
Жанагы тундо келген биздин депуттарды да тайрактатып,уйуно карантин дебей,обсервацияга алыш керек тезинен!
+6
Samatalibei
2020-03-13 18:06:11
Вирус жуктурган казак жарандары Германиядан кайсы учак менен кайсы рейсте келди экен? Биздин көп жарандарыбыз Европадан Казакстанга келишип анан Бишкеке келчи эле кудай сактап бизге келбесе экен! Өткөрүү пункттарында көзөмөл кандай болуп жатат?
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан