Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 475 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 169 адам каза болсо, 8 миң 116 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 671;
Свердлов облусунда - 223;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 173;
Санкт-Петербург шаарында - 165 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 828 миң 990 адамдан коронавирус аныкталды. 13 миң 673 адам каза болсо, 620 миң 333 бейтап айыгып чыкты.