"Сөздөн жаңылган турбайт". Спикер: "Бир адамдан бир адамга жуктурса, биздин утушубуз ушул болот"

Кечээ, 25-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сүйлөп жатып жаңылып калды.

"Бир адамдан бир адамга жуктурса, биздин утушубуз ушул болот. Ошондуктан келиңиздер микрофон колуңуздарда турат. Шайлоочуларга кайрылыңыздар", - деп төрага депутаттарга кайрылды.

Төрага cөзүнөн жаңылып калганы коомчулукта сынга алынды.

Буга чейин Жумабеков "Франкфурт жана Маяня шаарында... Маяня шаарында" деп эки ирет Франкфурт-на-Майне шаарын туура эмес окуп алган. Андан кийинки жыйында дагы "Франкфурт-на-Маяне" деп окуган.

Спикер: "Бир адамдан бир адамга жуктурса, биздин утушубуз ушул болот"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан