Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 163 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 94;
Чүй облусу – 22;
Ош шаары – 16;
Ош облусу – 9;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 13;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 7.
23-июнга карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 3 миң 519. Анын ичинен Соль-Илецктен 119, Санкт-Петербургдан 100 курсант жана башка Орусиянын аймактарынан 21 Кыргыз жараны илдетти жуктуруп келген.
Стационарда – 607, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө жаткандар – 10, үй карантининде оорунун белгилери жок өтүп жаткандар – 817.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 4 520, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 14 148 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).