Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Сабырбекова Нурзаданын өзгөчө белгилери: Бою 140-145 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.
Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.
Сабырбекова Нурзиянын өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү сары, кашы, көзү сары, чачы сары, кыска.
Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.
Эгерде жогорудагы жоголгон кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Телефон: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 050014 00 06, 0770 14 00 06.