Бразилия коронавирус күн сайын күчөп жатканына карабастан чет өлкөлүктөргө кирүүгө уруксат берди

Коронавирус инфекциясы катталган өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө экинчи орунда турган Бразилия чет өлкөлүк жарандарга өлкөгө аба транспорту аркылуу кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жарлыкка төрт министр, анын ичинде саламаттыкты сактоо министри Эдуардо Пазуэлло дагы кол койгон. Бирок, азырынча Бразилияга жер жана суу транспорту менен кирүүгө уруксат бериле элек. Мындай чектөө дагы 30 күн күчүндө болот.

Бразилиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада бул өлкөдө 69 миң 75 адамдан коронавирус аныкталып, 1 миң 595 адам каза болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө жалпы коронавирус инфекциясы жалпы 2 миллион 610 миң 102 адамдан аныкталды. 91 миң 263 адам каза болсо, 1 миллион 956 миң 807 бейтап айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан