Пневмониядан айыккан ырчы Азиз Батыров: “Аба жетпей, эс-учумду жоготуп жаттым”

Бир нече күн мурун фольклор ырчысы Азиз Батыровдун оор абалда төшөктө жаткан сүрөтү коомчулукка тарап, анын кычкылтек концентраторуна муктаж болуп жатканы айтылган. Андан бери убакыт өтүп, Азиз сакайып ооруканадан чыкты. “Мендей болуп эч ким оорубаса экен” деген ырчы мырза оор сыноону кантип жеңгенин SUPER.KG порталына айтып берди.

- Азиз, саламатсыңбы? Качан бул илдет менен ооруп баштадың эле?

- Саламатчылык! Кудайга шүгүр, учурда абалым жакшырып, ооруканадан чыктым. Негизи менин ооруганыма 20 күндөн ашты. Жакында уулдуу болгон элем. Уулумду Кара-Суудагы төрөтканадан чыгарган күнү башым аябай катуу ооруп, калчылдап үшүп, өзүмдү жаман сезип баштадым. Сасык тумоо окшойт, эртеси өтүп кетер деп ойлогом. 1-2 дары ичсем өзүмдү жакшы сезгендей болгом, кеч киргенде кайра эле ооруп, кыйналып жаттым. Эки күн бою ушундай абал кайталана бергенинен “Тез жардам” кызматына чалсак “биз бара албайбыз, үй-бүлөлүк дарыгерге чалгыла” дешти. Үй-бүлөлүк дарыгерге байланышсак, үйдөн дарылансаңар болот деп дары, тамчылатма дары жазып берди. Үйдө 4 күн дарыгердин айткандары боюнча дарыландым. Жакшы болгонсуйм, кайра эле алсырап, сөөктөрүм, башым сынгансып ооруйт. Дене табым 39 градуска чейин көтөрүлүп жатты. Такыр жакшы боло албагандыктан, дарыгерге кайра чалдык, “анда силер күндүзгү стационарга баргыла” деди. 5 күн бою стационарда дарыландым. Канча күчтүү укол алып жатсам да сакайгандын ордуна алсырап, абалым начарлай берди. Акыркы кезде түнү менен демим кысылып, аба жетпей уктабай басып жүрдүм. 9-күндөн кийин эртең менен дене табым кайра көтөрүлүп, күндүзү да дем жетпей баштады. Анан чуу түшүп ооруканага чуркадык. Ал жактан “бизде орун толуп калган” деп кабыл албай, “биз жардам бере албайбыз, стационарга баргыла” деп коюшту. Менин жанымда жүргөн эжем байкуш ар кимге жалдырап, ыйлап жатып стационардагы кычкылтек концентраторун мага коштурду. Сатурациям улам төмөндөгөн сайын эс-учумду жоготуп жаттым. Стационар саат 20:00дө жабылат экен. Мен кычкылтек концентраторусуз дем ала албагандыктан, дос-туугандарым сураштырып отуруп мобилдүү бригада чакырышты. Кара-Суудагы Кашкар-Кыштак деген жерде жайгашкан Кочкор-Ата ооруканасына алып барышты. Ал жакта да орун жок дешкенинен эжемдер, туугандарым жалдырап отурушуп, орун табышты.

- Сенин төшөктө жаткан сүрөтүң коомчулукка тарап, тез арада кычкылтек концентраторуна муктаж болгонуңду чыгарып жатышты. Аппарат убагында табылдыбы?

- Кычкылтек концентраторуна көз каранды болуп, өз алдымча дем ала албай калганда карындашым Сайкал Кабыловага Бишкектен концентратор таап берүүсүн өтүндү. Ал Инстаграмга окуя баракчасына киргизген экен. Сүрөтүм ошол жактан тарап кетиптир. Концентраторду Бектеналы Абдрахманов деген иним таап берди. Ошондой эле Айбек Айти уулу, Аман Ибраев жанымда болуп, колдон келишинче жардамын көрсөтүштү. Расул Рахманалиев деген агабыз Байыш Момуновго, Анжелика эжеге жардам сурап чалыптыр. Алар да чоң жардам көрсөтүштү. Айтор, менин чыгармачылыгымды сыйлагандар, кесиптештерим өмүрүмдү сактап калууга аракет кылышты. Кудай жалгап кычкылтек концентраторун ошол күнү эле таап, жеткирип беришти. 4 күн бою ошол кычкылтек концентратору менен дем алып жаттым. 5-күндөн баштап аны бир аз чечип, өз алдымча дем алып калдым.

- Жалпысынан канча күн дарыланып, канча убакта сакайып чыктың?

- Ооруканада жалпы 14 күн жаттым, ага чейин үйдө 10 күн дарылангам. Жалпы 24 күн болуптур бул илдет менен алышканыма.

- Коронавируска тест тапшырдыңбы? Учурда пневмония менен коронавирусту бир оору деп кабыл алышты. Сеники кандай болду?

- Коронавируска ПЦР-анализ тапшырдым, ооруканага жатканда, чыгып баратканда эки ирет тапшырдым, экөөндө тең коронавирус жок деп чыкты. Ал эми компьютердик томографиядан өпкөм жабыркаганын билдим, пневмония деп диагноз коюшту.

- Тилекке каршы, акыркы кезде пневмониядан каза болгондор көп катталууда. Сен ооруканада жатканда кандай жагдайга туш болдуң?

- Бул ооруга башында мен деле көп ишенген эмесмин. Вирус күчтүү адамды деле алдан тайдырып, жыгып коёт экен. Ооруп абалым начарлап, эс-учумду жоготуп жатканда көз алдымдан ар нерсе өттү. Кимди таарынттым эле, кимдин көңүлүн ооруттум эле, кечирим сурап калайын деп жаттым. Өзгөчө көзүмдөн жаңы төрөлгөн наристем учуп жатты. Ушул уулумдун бактысын көрсөм экен, ата деген сөзүн уксам экен деген ойлор кетпей койду. Туугандарым, шакирттерим, студенттеримди кантип таштап кетем деп ойлоп жаттым.
Жанымдагы палатада оорудан көз жумган байкелерди көрдүм. Аларды көрүп мен да ушинтип кете береминби деген ойлор келди. Медицина кызматкерлери бейтаптардын өмүрү менен күрөшүп, түнү менен уктабай чуркап милдетин аткарып жатышты.
Дагы бир толуктоочу жагдай, интернет айдыңында “дарыгерлер жакшы карабай, бейтаптар каза болуп жатат” деген кептер тарап жатат. Мен ал кепти четке какмакмын. Мен жаткан ооруканада медицина кызматкерлери коргоочу формаларды кийип, күндүн ысыгында ысып-тердегенине карабай, оор абалда болгон бейтаптарга чуркап, айласын таппай калган учурларга күбө болдум. Алардын иши чынында оор экен. Ак халатчандардын эмгегин көрүп эки дүйнө таазим кылдым. Буюрса, абал турукташса, медиктерге, карантинде кызмат кылган ыктыярчы, милиция кызматкери болобу, баарына бекер концерт уюштурайын деп жатам. Буюрса, элибизде бейпил турмуш болсун! Менин өмүрүмө кыжаалат болгон, сакайып кетишимди тилеген кыргыз элиме ыраазычылык айтам.

- Айтканың келсин! Азыр абалың кантип калды?

- 30-июлда ооруканадан чыктым. Анткен менен үйгө барганда обочолонуп, 14 күн жатышым керек. Качан гана анализдеримдин баары таза чыкса, ошондо оорудан толук айыктым деп айта алам. Бирок сакайдым дегеним менен азыр деле алсыздык бар. Калыпка келүүгө дагы 20 күн керек дешти.

- Рахмат Азиз маегиңе! Толук кандуу калыбыңа келишиңе тилектешпиз!

Буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен жабыркап, ооруну жеңгени кабарланган. Мындан тышкары ырчы Айпери Сыдыкованын ооруп калганы белгилүү болгон. Ырчы Гүлнур Асанова коронавирус инфекциясынан айыкканын айтып берген. Ал эми куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония менен жабыркап жатканы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Agayu
2020-08-01 18:21:31
Азиз Батыров Кыргыз учун , Кыргыз эли Азиз учун ! Башка озбектер да Азиздей болсо Ар бирибиздин бир келген жашообуз учун эн жакшы болот .Ал нерсе учун бизге миллярддаган акча керек эмес. Тек гана акыл керек .
+6
AdylbekB84
2020-08-01 18:54:29
Кыргызстан үчүн жанын бергенге даяр бала! Патриоттугу бар, өзбек передачаларында дагы кыргыз тилинде сүйлөгөнү кубандырат!
+8
Adil18
2020-08-01 19:29:01
Азиз иним эртерээк айыгып уулундун жытын жыттап,уй-булооно,элибизге кызматынды кылып журо бер.
Акылдуу жигитсин.
+6
nursiyanur
2020-08-01 22:39:32
Однокласникте Боорончу мн Омурбек Текебаев умер деп журотко,супер тактагылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан