Украинанын борбору Киев шаарындагы банктардын бирин басып алган Сухроб Каримов аттуу коңшу Өзбекстандын жараны. Ал кармалганын аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Буга чейин Киев шаарындагы банктардын бирин Өзбекстандын жараны басып алгандыгы кабарланган. Өз кезегинде Украинанын Ички иштер министрлиги банкты басып алган жаран өлтүрүлсө жарылуу болушу мүмкүн экендигин билдирген.