Баткендеги Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургунуна Тажик тараптан белгисиз адамдар ок чыгарды

Баткен ОИИБи милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү эртең менен саат 05:30 чамасында Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикистан тараптан белгисиз адамдар мергенчилик курал менен Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкерине белгисиз куралдан ок тийип, жаракат алгандыктан Баткен облусунун биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Ошондой эле 6-август күнү кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш жана Чоркух айылы менен чектешкен жер тилкесинде аталган айылдын жашоочусу 65 жаштагы Р.М. өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажикстан Республикасынын аймагы тараптан белгисиз адам ок атуучу курал менен жашоочуга карата ок чыгарган.

Натыйжада Р.М. аттуу жашоочунун оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган. Бул фактылар Баткен РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда, милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Учурда Кыргыз-Тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан