Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкону президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкону президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем.

Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Беларусь Республикасынын достук мамиледеги элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Беларусь өлкөсүндө өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 80,23 пайыз добушка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан