Поэтерапия: "...Чоң ата ютубда азыр, чоң эне селфи кылат"

1992-жылы 7-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнагы 2014-жылы жарык көргөн. Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
"Нурборбор" чыгармачыл академиясынын мүчөсү,
Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.

ИНТЕРНЕТ ЧЫГА ЭЛЕКТЕ...


Интернет чыга электе...
Эс-акыл тунук эле,
Эскилер улук эле.
Жабырап жомок айтса,
Жатчубуз угуп эле.

Көйгөй аз ошол кезде...
Көп эле аруулуктар,
Көңүлдө сагыныч бар.
Айылдын аркы учунан,
Айтылчу жаңылыктар.

Жомоктор ишендирчү...
Көңүлгө орноп толук.
Кабылан, жолборс болуп,
Кай бирде кетер элек,
Каарманга жолдош болуп.

Ойнолбой чүкө калды...
Балалык изибизде,
Бар арман ичибизде.
"Галакси", "Айфон", "Планшет",
Кирчү эмес түшүбүзгө.

Адамдар асыл эле...
Түштү азыр баасы неге?
Жүрүшөт шашып эле.
Суроого оң жооп бербейт,
Жаныңда басып эле.

Интернет чыкты дагы...
Иши жок дилиң менен,
Келди учур күүлдөгөн.
Жубайлар көп сүйлөшпөйт,
Сырдашат "Гугл" менен.

Ичики-ий, көңүл да үшүйт...
Ишеним от жагалбайт,
Бөбөк да сотка кармайт.
Колунан жулсаң, ыйлап,
Сооротсоң, сосканы албайт.

Мурда көп аксакалдар...
Өткөндүн кенчин улап,
Кеп айтып берчү кубат.
Чоң ата "Ютубда" азыр,
Чоң эне "Селфи" кылат.

Маектер лимит менен...
Мамиле тыш калгансыйт,
Жасалбай иш калгансыйт.
Узарып "Гигабайттар",
Убакыт кыскаргансыйт.

Мындай бир чолок ой бар:
Үмүттөр туурасынан,
Үзүлүп турат улам.
Сезимдер алсыз азыр,
Сотканын кубатынан.

Жашообуз - ааламдашуу...
Жазылбай аптабынан,
Эскирди каттар улам.
Бул жазган ырды, досум,
Эми оку "Ватсабыңан".

Антсе да керек тура...
Оң жагын пайдаланып,
Ой-максат камдап алып,
Жетели келечекке,
Кулабай тайгаланып...

Жогорудагы ырдын автору, поэзиянын сырдуу дүйнөсүндө жашап, кыргыз элине ыр саптарын тартуулап келе жаткан, жаш акын Максат Жангазиев Super.kg порталынын "Поэтерапия" рубрикасына маек курду.

— Максат, "Интернет чыга электе..." деген ырыңыздын жаралуу тарыхы жөнүндө айтып өтсөңүз. Качан, кандай жагдайдан улам жаралды эле?

— Бул ырым мындан 2 жыл мурун жазылган болушу керек. Азыр эми интернети жок жашообузду элестете албай калдык да. Улуу муун да, кичүү муун да интернет менен иш бүтүрүп калдык. Интернет көп убактыбызды алып калды. Ошол эле учурда баалуулуктарды дагы алмаштырып койду. Мындан биздин бала чагыбыз кат жазып калган эң акыркы муун болуп калды да. Биз мектепте жогорку класс болуп калган кезде телефон көтөрдүк, бирок интернетти кийин эле билдик. Ошол үчүн бала кездеги жандуу турмушту, аруулуктар, интернети жок баалуулуктарды сагынганда жазылган ыр.

БАЛАҢ УКТАП ЖАТКАНДА

Үйдө балаң сонун уктап жатканда,
Үйрөнөсүң үн чыгарбай басканга.
Кыйч-куйч этип кыяк болот, кашайгыр,
Демейдеги тынч каалганы жапканда.

Кыймылдаса эңирейген муруну,
Кыңкыстаса ыңаалаган үнү бу,
Кокуй ай, деп келип кетет урушкуң,
Кокус колдон түшкөн кашык, чыныны.

Бала сүйүү кылат тура күчтүүлүк,
Бал уйкусун бузгуң келбейт түк билип.
Бетке басар жаздык издеп шашабыз,
Келсе кычап күтүүсүздөн чүчкүрүк.

Жашооңдун бүт алмашып күн, түнү да,
Жаның көнөт далай күлкү-чырына.
Көрсө Кудай ата-энеңдин кадырын,
Катат тура наристеңдин ыйына.

— "Балам уктап жатканда" деген ырым биринчи балам төрөлгөндө жаралган. Ата болуу сезимин сезгенден кийин. Демек, ал атанын баласына болгон сезими. Өзүңдүн канындан жаралган бөбөгүңдүн уктап жатканын көргөндө дагы сенин мээримиң ойгонот экен. Ошонун жадакалса уйкусу бузулбасын, уктап жаткан учурдагы убакыт дагы баалуу экендиги, атанын балага болгон аяр мамилесин баяндаган ыр.

БООРДОШТОРГО

(Мигранттарга)

Чоочун жерге конор менен учагың,
Чогулгандыр ичте күчү кусанын.
Бөпөлөбөйт билем, бирок, боордошум,
Бөтөн өлкө ачты бекен кучагын?

Кокус кээде кара жаның курутуп,
Корсулдаса кожоюнуң урушуп.
Эртеңки күн жумуш менен сооротуп,
Эркеликти калгандырсың унутуп.

Ата-Журтка таарынычың эскирип,
Анык бакыт анда экенин кеч билип.
Бугуң толсо өксүп ыйлап аларсың,
Бир да жанга билдирбестен эчкирип...

Жаның кейип, көңүл далай чөккөндүр,
Жашың коштоп, суз жамгырлар төккөндүр.
Мелүүн шамал беттен сылап андайда,
Мекениңди эске салып өткөндүр...

Көрксүз болуп кээде күндүн батканы,
Көздөн учар айылыңдын ак таңы.
Элес болуп тартылаттыр каректе,
Энекеңдин нан бышырып жатканы...

Убайымда өтүп айтор бүт күнүң,
Учур менен тарттың жашоо мүшкүлүн.
Өзөгүңдү өкүт менен өрттөбөй,
Өлкөбүздүн өнүгөрүн күт бүгүн...

Жашыбай тур, көздөрүңө жаш чылап,
Жаратканым мээнет балын таттырат.
Мейли боордош, баш ийсең да бул күнгө,
Мезгил бир күн Мекениңе тапшырат!..

Сайрап жүргөн саясатчы сөрөйдөн,
Силер кылган мээнетиңер жакшыраак!!!

— "Боордошторго" деген ырыңыз кандай жагдайда жазылган эле?

"Боордошторго" деген ыр 2013-жылы бир жакын досум турмуштун айынан мигрант болуп чет жакка кеткенде жазылган. Ага чейин эле миграция маселеси күчөп жаткан кез болчу. Мындан сырткары мигранттарга бул күндөр дагы өтөт, аман-эсен мекениңерге кайткыла деп үмүт, дем берүү максатында жазылган.

— Чыгармачылык жааттагы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө өтсөңүз.

— Экинчи китебимди чыгарсам деп жүргөн элем. Анан өзгөчө, чоң форматта жакшы поэзия кечесин өткөрсөмбү деп ойлонуп жүргөм. Тилекке каршы пандемия көп пландарды өзгөртүп жибербедиби. Мындан сырткары жаңы ырлар акырындан жазылып жатат. Обончу агай-эжейлер менен иштешип жатабыз. Буюрса, жаңы обондуу ырлардан бар.

— Поэзия дүйнөсүнө качан, кантип аралашып калдыңыз эле?

— Поэзия дүйнөсүнө 6-7-класстарда алгач ырга, китептерге кызыгып, окуп жүрүп, алгачкы ырларды ошондон баштап жазып баштадым окшойт. Адабиятка кызыгып калганыма бир канча факторлор себеп болду. Алгач өзүмдүн атам ыр жандуу, жаш кезинде ыр жазган, ырга кызыккан адам болгон. Чоң атамдын атасы (бабабыз) дагы комуз чертип, күү черткен, өнөр сыйлаган инсан экен. Ал эми өнөр дагы атанын каны, эненин сүтү менен кирет дейт го, ошол жагынан дагы кызыгып калдымбы деп ойлойм. Экинчи жагынан биздин мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген Зулайка Мырзатаева эжебиз дагы мыкты акындардын бири. Эжекебиз ыр, адабият жөнүндө айтып, поэзияга болгон кызыгуунун ойгонушуна себеп болгон адамдардын бири.

— Эң сонун! Алгачкы китебиңиз тууралуу баяндап берсеңиз...

— Эң биринчи "Жүрөк үнү" аттуу китебим студент кезде 2014-жылы чыккан. Ошондо КТРКда алгачкы чыгармачылык кече дагы болду. Биздин көзүбүздү ачкан, бизге жоопкерчилик арткан кече болгон.

Алгачкы жолу жазган ырыңыз эсиңиздеби?

— Негизи эң алгачкы чиймелеген нерселер эсибизде өмүр бою сакталып калат экен. Биринчи бала кезде жазган ырларымдын бири - адабият сабагынан эжекебиз жаратылыш жөнүндө дилбаян жазгыла дегенде мен ыр түрүндө жазсам болобу деп эң аягында 2-3 куплет ыр жаздым эле.

Жаратылыш эл байлыгы,
Жалпы аны коргойлу.
Жаныбарын азайтып,
Жаман адам болбойлу!

Таза сууну булгабай,
Таштандыны алалы.
Таш боор кылган адамга
Биз чатакты салалы.

Эликтерди атпасын,
Ал иштерди таштасын.
Жаратылышты коргоо деп,
Үйрөткөнүң башкысы!

Бала кезде мектепте окуп жүргөндө таза ойлор, сезимдер менен эң алгачкы чиймелеген ырым ушул экен.

— 5 жыл мурунку менен азыркыны салыштырып айтсаңыз, элдин поэзияга болгон мамилесинде кандай өзгөрүүлөр болду?

— Азыркы учурда интернет өнүккөн сайын, социалдык тармактарда биздин мүмкүнчүлүктөр кеңейди. Адамдардын көпчүлүгү ошол жакта отургандыгына байланыштуу биздин ырларыбызды алгач эле социалдык тармактарга жүктөйбүз. Ошол жакта көбүрөөк окурмандар окуй баштады. Азыр деле мурдагыдан кем эмес адамдар кызыгат. Мектепте дагы өсүп жаткан муундарда ыр жазганга кызыккандар өсүп келе жатат. Менимче, социалдык тармактын жакшы жардамы, пайдасы поэзияны элге кеңири жайылтууда.

ЖАКШЫЛАР ТҮГӨНБӨСҮН ЖЕР ҮСТҮНДӨ

Күүгүмдөр күн нурунан эрип күндө,
Күн батса, Ай жарыгын берип түнгө,
Жашоонун арабасы жүрөт тура,
Жакшылар жүргөн үчүн жер үстүндө...

Жай жылбай, учат мезгил закымдаган,
Жашоонун мыйзамынан башым да маң...
Шордуу күн жакшыларды түгөткөндө,
Шол кезде болот окшойт акыр заман...

Жанымды соолуттурар жайдан качып,
Жакшыны жүргүм келет жандай басып.
Азгырык дүлөй кылып турган чакта,
Жакшынын үнүн угуу кандай бакыт...

Өзөктү санаа менен жерип күндө,
Өрөпкүйм өзгөрүлгүм келип күндө...
Жанашып алгычакты мен аларга,
Жакшылар жашаса экен жер үстүндө...

Жакшылар түгөнбөсүн жер үстүндө...

АПАМА

Ойлорду күлүк дешет, балбан дешет,
Ой, ыр деп уйкусуз түн, таңдар да өтөт...
Ааламды кезсем сансыз ойлор менен,
А апам ойлойт мени андан да көп...

Жашоонун тайгак жолу жалаң арман,
Жаныма илдет күчөп мага алардан,
Айбыгып, көңүл сыздап үшүп турсам,
А апам мен деп үшүйт санаалардан...

Алсырап чарчап келсем жүрүштөрдөн,
Апам ай, кагылайын үмүт берген...
Мен арсыз тосуп жүрсөм бакытымды,
Мени ал тосуп жүрөт күйүттөрдөн...

Санаасын тоодой үйүп санаам үчүн,
Сабырдан чыңап алып кара күчүн,
Жалынга күйүп жатсам жан чыркырап,
Жалтанбай апам гана барары чын...

Жашырса жакшылыгым жасалмалар,
Жар салбай коймок беле катамды алар...
Билбеймин мен бүлүнсөм таштайт кимдер...
Бир гана ишеничим апамда бар...

Билгеним бекем сүйүү апамда бар...

ЫР ДҮЙНӨМ

Тагдырым туташ сендик тагдыр менен,
Таанышсың бактым менен кайгым менен.
Сыйымдын, сезимимдин актыгы үчүн,
Сырымдын баарын айттым жан билбеген.

Ыр дүйнөм - кубанычым, шорум менин,
Сен менен түбү чексиз жол издедим.
Пенделер кыйын кезде кеткен далай,
Бир гана өзүң менден кол үзбөдүң.

Ыр дүйнөм - шаттанарым, бак табарым,
Ырасы, көп үмүтүң актабадым.
Өзүм да таштап кеткем балким көбүн,
А бирок мен да сени таштабадым.

Коштошуп кетсем сенден муңумду айтып,
Келермин кайра кеткен күнү кайтып.
Азабың жыргал болуп уюп жанга,
Ансайын барат сага сүйүүм артып.

Тагдырым туташ сендик тагдыр менен,
Болсом да кайсы учурда, кай күндө мен.
Өзүмдү табайынчы мен өзүңдөн,
Өзүңдө калайынчы ай жыл менен.

— Маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Иштериңизге ийгилик, чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aizikou-asanova
2020-08-12 22:58:18
Мына сага,акылдын уюткусу сизде экенго.Мен бул ыр саптарды Фейсбук баракчасынан окуганмын.Кандай Гана терен,Асыл создор менен кооздолгонун!калеминиз курчуй берсин жаш экенсиз,мен ойлогом ушундай ой толгоонун ээси улуу жаштагы киши чыгаар деп...
Айтаарга созум жок, эн сонун!
+3
Nur777
2020-08-13 10:28:43
Азаматсын!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан