Мырзайым Айтимбетова 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Канышкыя айылында туулган. 2000-жылы Кайынсуу орто мектебинин босогосун аттап, 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош шаарындагы Ош соода-экономикалык колледжине тапшырып 2012-жылы бүткөн. Поэзияга бала кезинен кызыгып жүрүп, кийин жогорку окуу жайды аяктаган жылдары гана ыр жазып баштаган. Жаш акын "Жазуучулар союзунун", Казак Республикасынын Алматы шаарында түзүлгөн "Адабият ааламы" адабий ийриминин мүчөсү. Бир нече мамлекеттик жана эл аралык адабий конкурстардын жеңүүчүсү, “Баш тартпас жол” китебинин автору. Учурда Баткен облустук драма театрында эмгектенет. Үй-бүлөлүү.
“Укпадыңбы?!”
Аллоо… Мырзайым, сенсиңби? өзүңсүңбү?
Бүгүн сага бир жигит төгүлсүнбү…
Мен өзгөрдүм, баары үчүн кечирип кой,
Дарегиңде кайра Б….. көрүнсүнбү?..
- Деди дагы сөздөрүн улай берди,
Угуп жаттым, кечирим сурай берди.
Нелерди тиленчү элек деген сайын,
Негедир жашым уюп кулай берди.
Өкүндүм өзүңсүз айларыма,
Өзүмдү тапшырайын кайра мына.
Эреркеп кыялданып олтурамын,
Эмне белек кылсам деп майрамыңа
Кечирим бер экинчи ката кылбайм,
Кейитпейм, ашыкча маза кылбайм.
Жибип койчу суранам акын кызым,
Жигиттик сөзүм - эми капа кылбайм.
Аллоо… Мырзайым, сүйлөйсүңбү?..
Же бүттүбү, баардыгы… сүйбөйсүңбү?
Сезимдери жаралуу бир жигитмин,
Сенсиз жашаш кандай оор билбейсиңби?
Эх… Үмүт үзбөй жашаган күдөрүңдөн,
Үйрөндүңбү көп сабак күмөнүңдөн.
Кайра мени тызылдап издеттирген…
Кайран сенин, кабарсыз жүрөгүңдөн!..
Буга чейин, кайда элең?.. Уктадыңбы?
Таарынтып, эч мөөрөй утпадыңбы?
“Мээримиңди сагындым”- деп чалыптырсың,
Мен бирөөгө жубай болгом укпадыңбы?!
СҮЙҮП КАЛГАМ
Кетпегеним, оюмдан чыкпаганым,
Кемтигимди көрбөгөн, укпаганым.
Сени бүгүн сагынып ыр жазайын,
Мени бүгүн түш көрүп укта жаным.
Эмне десең баарына кошуламда,
Эзилгениң көзүңдөн окуганда…
Түбөлүгүн эске алып бул сезимдин,
Түшүмбү, деп кетемин чоочуганда.
Күмөнүм жок мен сени сүйүп калгам,
Күндөр өткөн булактай тунуп калган.
Кулап түшкөн жашыман аппак болуп,
Кусалыгым айрандай уюп калган.
Жаралуулар жанына кошот мени,
Жапысынан ойлордун бошот мени.
Калдалактап баратам максатыма,
Кандай тагдыр билбеймин тосот мени.
Кожоюну өзүң бол түнөгүмдүн,
Кокусунан жактырган күнөөлүүңмүн.
Өмүр өтүп кетпесин арман менен,
Өксүгөнү басылбай жүрөгүмдүн!
ШАШЫЛ.
Сен эртең жолго чык, шашыл мага,
Сени көрүп кайрадан ачылайын.
Агып жаткан жашты тосуп басылайын.
Көрүнүп көздөрүмө жашыл калаа,
Кечип, өтүп, кетейин таш-ылайын.
Туусун кармап колума турмушумдун,
Кесип албай бир бурчун абайлайын,
Келишинче колуман аярлайын.
Ишенип алган сымал бир досума,
Ишенип тагдырыма таянбайын.
Сен эртең мени көздөй учуп жөнө,
Жөн эмес сагынганың, билдиргениң.
Сен дагы ыр жазып күлдүргөнүң.
Жүрөгүмдү салып алып, жүрөгүңө,
Сүйүүнүн жолун таап үлгүргөнүң.
Үлгүргөнүң жан сырым тапкандыгың,
Нотасын сезимимдин чертип алып,
Сабыма саптай улам ээрчип алып,
Эргүүмдүн эшиктерин ачкандагың,
Дүйнөмдүн тынчын алып,
Уйкумдун эркин алып.
Сен эртең калаа жакка шашыл,шашыл,
Мен күтөм, үй күтөт, бактар күтөт.
Жазыла элек дагы жан каттар күтөт,
Ар күн сайын кайталап колуң тийген,
Айта берсем үйдө көп заттар күтөт.
Ток этээр эң негизги жериң уксаң,
Мойнуңа оролгон чачтар күтөт!