"Поэтерапия" рубрикасынын коногу акын-жазуучу, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Жыпар Исабаева.
Жыпар Исабаева - 1967-жылы 20-мартта Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган. Мектеп курагынан басма сөздөргө («Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» ж. б.) ыр, аңгеме, кабарларын чыгарып турган. Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУнун) филология факультетин аяктаган. Азыр «Кыргыз туусу» гезитинин Маданият бөлүмүнүн башчысы. 15 китептин, 200дөн ашуун обондуу ырлардын, 2 киносценарийдин, 1 телесериалдын автору. Эки чыгармасы театр сахнасында коюлган. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардак наамынын ээси.
Басмадан чыккан чыгармалары: "Жыландын сүйүүсү", "Адашкандар-1", "Махабат мазары", "Алыкулду сүйгөн кыз", "Ыр куса", "Жинди кыз" жана башка көптөгөн китептердин автору.

СҮЙҮП КАЛЫП БАШКАНЫ...
"Ойлуу тартып кеттиң го?" - дейт алганым,
"Апа, неге күлбөйсүң?" - дейт балдарым.
Кыйпычыктап, жооп таба албай калп эле –
кайсалактап карайм ар жак, бер жагым.
Кечиргиле, бырчаланып жүрөгүм,
Эки ортодо өзүм дагы жүдөдүм.
Сүйүп калып силерден да башканы,
Ырды сүйүп, азабым жеп жүрөмүн.
Жүрөгүмдө жашайт – ырдын үйү бар,
Жан дүйнөмдө сагыныч бар, сүйүү бар.
Таппай калып жакшы ырымды жоготтум,
Таарынды экен, билбейм кайсы күнү ал.
Кечире алсаң кечир мени түгөйүм,
Бүгүн дагы ыр дүйнөмдө түнөйүн,
Таппасам да жолун тосуп ырлардын,
Таң атканча дербиш болуп жүрөйүн.
Кечир кызым, боло албасам жакшы эне,
Апам мени жомок айтып бакты эле.
Куудураган колдор менен жапкан нан,
Куурма чайы ушунчалык жакшы эле.
Эртең сөзсүз ошентемин мен дагы,
Бирок акын болом дебе сен дагы.
Бүгүн болсо кечиргиле балдарым,
Жакшы ыр жазып алайынчы, ээ жаңы?..
— "Сүйүп калдым башканы" деген ырыңыздын жаралуу тарыхы жөнүндө айтып өтсөңүз?
— "Сүйүп калдым башканы" деген ыр менин эле эмес, мейли акынбы, актрисабы же сүрөтчүбү, балким, илимпозбу, тигүүчүбү, айтор, жалпы чыгармачыл аял-эненин образы. Чынында ушундай. Менин бир ырым бар: Бир колумда - калем сабым,
Бир колумда - казаным.
Жондо - бала,
Жолдо - түйшүк,
Көкүрөктө - казалым.... деген. Элестет, мунун баарын көтөрүнүп алып, турмуштун оош-кыйыш жолунда баратасың... Бирине үңүлсөң, бири калат. Ошо сыяктуу, кээде бир жакшы табылга таап алып, жазып отурсаң көзүн жалжылдатып балаң калат... Аны алайын десең, ырың калат... Мына ушундай бактылуу түйшүктөн улам жазылган ыр.

Билдим да...
Сага керек экендигим билдим да,
Мен өзүмдү аяганды үйрөндүм,
Гүлзар тигип жомокторго айланткым,
Келип кетти чар тарабын дүйнөмдүн.
Сага жаккан үчүн менин күлгөнүм,
Болгум келди жароокер, наз сүйгөнүң.
Сендик гана өмүр сүрөм мен эми,
Мен анткени сени күтүп жүргөмүн.
Сага жаккан үчүн ууртум, эриним,
Эс-акылдын эрежесин жеридим.
Жолубуз бир болбосо да сүйүүдө,
Экөөбүздү теңештирди Теңирим.
Сага жаккан үчүн көзүм, мүнөзүм,
Кечирдим эх, жүрөгүмдүн күнөөсүн!
Мен өзүмдү жакшы көрө баштадым,
Сүйөм сени деген үчүн бир өзүң.
— Сага керек экендингим билдим да... бул деле ошол - адамдар бири- биринин эле эмес, өзүнүн да баркын билсе. Өзүн сүйө билсе деген ой. Бирөөнө кээде "минтиш керек!" деп түз айтуудан көрө, поэзиянын тили менен, көркөм сөздүн кудурети менен кооздоп, шөкөттөп айткан таасирдүү, ынанымдуу болот.
Ошол эле убакта, кээде өзүң жазган чыгармадан же өзүңө келген ойдон өзүң кошо таасирленип, сабак алган учурлар болот. Айтор, ар бир ыр - жандүйнөгө жылт этип бир жанып, бар дүйнөңдү ачык кылып, жылытып кеткен ак жарыктай. Болгону, аны ошол кезде туя, көрө билүү жана кармап калуу керек.
Суранамын, кечикпе?
Сага деген сагынчымды жоготуп,
Күндөрүмдү күтүү менен коротуп,
Коё электе мезгил мени карытып,
Саамайымды күмүш нурга боётуп,
Суранамын, кезигүүдөн кечикпе?
Же бейтааныш бет алдымдан кезиксе,
Жүрөк болк деп, жагымдуу үн эшитсе,
Умсунам да...такыр сыйбай бөлүнүп,
Мен өзүмдөн сыртта жүрөм – эшикте.
Алдыда – кыш... сүйүүм үшүп калбасын,
Суранамын, кезигүүдөн кечикпе?
— Ал эми "Суранамын кечикпе..." бул тек гана лирикалык маанай. Жашоодо бири-бирин издеген, күткөн, тапкан же адашып кайчы өткөн тагдырлар көп. А өмүр күтпөйт. Мезгил, убакыт суудай агат. Өмүр деген көз ирмемчелик. Ушундай аз жана бир келчү тирүүлүктө адамдардын баары бактылуу болсо деген тилектен улам жаралган ыр.
АЯЛ
(Бүтпөс монолог)
Ким айтат,
аялдарды – алсыз деп?
Аял – жеңил,
акылы аз, арсыз деп?
Аял – шайтан,
аял деген – азгырык,
Бузуку иштер
болбойт болчу ансыз деп?!.
"Алтын баштуу аялдардан –
Бака баштуу
эркектерди артык..." – деп...
Ооба, айтышат...
Жатат мында улуу ой,
Четке кагуу
мүмкүн эмес – калпыс деп!
Анткени ушул
Макалды да чыгарган –
Аял го деп
болжойм да айтам – алкыш кеп!
Кезде анткени –
эл башына иш түшкөн,
Эмес эрлер –
бүжүрөйүп, бүктүшкөн!
Аял дайым:
"Баатырым!" – деп дем берип,
Турганы үчүн
сакасы айкүр, чик түшкөн!
Менчи? Ушундай
Аял боло алдымбы?
Абай салып
карайм артым, алдымды.
Шерим, сени -
"Баатыр" кылуу ойдо эле,
Сезе алдыңбы,
Сен да менин баркымды?
Бирде толо
Бирде турмуш тузу кем,
Ак чач аял –
Мына турган ушу мен,
Кечээ эле
Ата-энемдин алпештеп,
Арзып тапкан,
Алмончоктой кызы элем...
Басып-туруп:
"Аял жакшы – эр жакшы",
Мына ушуну
эсиң тут", - дечү энем.
"Эр сыйлаган
Жатпайт балам эшикке..." -
десе эркелеп,
Кыт-кыт күлгөм нече мен...
Жубай болдум,
уулуна анан атанын...
Жондо – бала,
жолдо – эрчиди азабым.
Жолдош болду –
көртүйшүгүм, а бирок
Көөнөргөн жок,
көкүрөктө казалым!..
Башыңа иш
түшкөн кезде мүңкүрөп,
Алтын таажы
келди сага жасагым!..
Баар таптымбы,
барк таптымбы ушундан?
"Канат болсом..." -
дедим сени учурган!
Кербезденбей,
кетмен, күрөк колго алып,
Оңдойм дедим,
ой-чуңкурду бузулган...
Улутунуп
Унчукпайсың... Турмуштан
утулдумбу,
балким жокмун утулган!
Алдастадым,
алыс-алыс талпындым,
Мойнума анан
чаар баштыкты артындым!
Орусия, Европа, Корея,
чет жерлерде
Канча өмүрүм калтырдым!
Ден соолугум,
жаштыгымды, назымды,
Садага чаап
капчыгы үчүн калкымдын.
Канча эне
калды бала "өңөрбөй",
Канча бешик
турат бөбөк бөлөнбөй?!
Кайран кыздар
азып-тозуп жүргөндө,
Манастай уул,
калды бекен төрөлбөй?!.
Канча ымыркай,
чоочун жерде калгандыр?
Башка түшкөн
бул – шор, ачуу армандыр?!
Эркеликти,
аял назын унуткан,
Эби келсе
эркектерче урушкан,
Энелерди,
эжелерди, кыздарды,
Эрлер, шерлер,
мен силерден суранам,
Колдон келсе,
Эми аялга айландыр?!.
Кечир, шерим?
Албайсың да төгүндөй...
Ак аралап,
кара чачты көмүрдөй,
Сен бир кезде
сүйгөн эки ууртумдан,
Күн нурундай
күлкү, шаттык төгүлбөй,
Аппак жүзүм,
ысык-суукка туурулуп,
бырыш түштү
ошол бойдон өбүлбөй...
Менде да айып,
балким бардыр азыраак?
Акыйкаттын
даамы дайым ачуураак.
Мен эшикте
"эркек" болуп жүргөндө,
(Айта албаймын,
Аны аял деп пасыраак),
Башка бирөө,
менден эстүү, жашыраак...
Мен бере албай
Жүргөн назды, сүйүүнү,
Тартуу кылып
турса сага асырап,
Айтчы, ага
айта аламбы каяша,
Сен деп турса,
кантип сүйлөйм катуу, даап?
..Кайран күндөр,
кайран менин жаштыгым!
Кайран түндөр,
кайран жалкы жаздыгым!
Кабыргасы
ката электе кайышкан,
кайда сезим,
кайда сүйүүм, жактыруум?..
Кайталабас
бекен биздин катаны,
Кагылайын,
калдайган топ – арткы муун?!..
Балдарды ошол
эркелетип өбө албай,
Эмизе албай,
эне мээрим төгө албай,
Ата салтын,
эне наркын үйрөтүп,
"Илгери-и..." - деп
жомок айтып бере албай..!
Жада калса
ата-энемди жайына,
бергенде да
алып-учуп келе албай!..
Балдарга эми
кантип айтам батынып:
"Маңкуртка окшоп
Калдыңар", - деп, - неге андай?!.
Кыздарыбыз
өзүнө орун таппаган,
Түйүлө элек
түйүлдүккө, башкадан –
жакшы жашоо,
издеп уя, жылуулук,
чет элдикти
эрчип кетип жатса анан!
Кантип гана
кабыргалар кайышпайт,
Күңгө айланып,
жатышса ошол жакта анан?!
Акылы бар
болчу! Билем, анын да –
Кыргыз эне
каны бар да, канында!
Бизге энелер
айткан окшоп насыят,
Биз айта албай,
болбой калып жанында...
Шырдакбектин
Эркайымы окшотуп,
Байкуш кыздын,
биз байладык багын да..
"Оорун – колдон,
Жерден алсам жеңилин", -
деп жашагам...
Беделине Шеримин
шек келтирүү –
оюмда да жок эле,
катуу кетсем,
кечир мени, Теңирим?!
Кантип айтпайм,
тамырына доо кетип,
жүрөгү ооруп
турса элим-жеримин.
Өх-х десеңчи,
өмүр барат азайып,
Өксүп эмне,
эми көзгө жаш алып?!.
Өйдө-төмөн
өкчөлсөк да акчанын,
Көрдүйнөнүн
кулу болуп жашадык.
Сенчи, Шерим?
сереп салып карачы,
Аткардыңбы,
парсыңды эрлик, аталык?
Улуулардын
аманатын урпакка,
бере алдыкпы?..
Кечир бизди, Атажурт.?!
Кечир тарых,
кечир бизди келечек?
Эмнелер жок,
өткөн-кеткенди элесек...
Азбы, көппү
жол издеген адашып,
Ай-жылдарга
салган кезде сары эсеп,
Ойлор – онго,
санаа – санга бөлүнүп,
Өзөктү өрттөп,
өксүк күндөр жан эзет.
Эркек! Чыны
сен бийиксиң аялдан,
Мен анткени
кабыргандан жаралгам.
Сен – күчтүүсүң,
түндүгүмдүн түркүгү,
Сени көрөм,
неберемден, баламдан...
Каалаганым -
Элди, жерди, эртенди,
Калкалап кал,
кара тумоо абалдан?!.

— Көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган дал ушул "Аял" аттуу ырыңыз качан, кайсы мезгилде жазылды эле?
— "Аял" аттуу ыр мамлекет катары өз алдыбызча болуп, элибиз эгемендик алган күндөн берки дээрлик кыргыз аялдарынын, кыргыз кыздарынын басып келе жаткан, башынан кечирип келаткан жолун, жашоо образын, түйшүгүн, ошол эле убакта кайратын, боорукер, назиктигин, сезимталдыгын, кечиримдүү, сабырдуулугун, мекенчилдигин, келечекке кайдыгер эместигин чагылдырган чыгарма. Ошол эле убакта 'Манасты - Манас кылган Каныкей" деген, аялзатынын коомдогу орду карнчалык экенин кыйыткан ой жатат. Мунун баары көптөн бери оюмда жүргөн, көрүп, билген, керек болсо, айрым учурларын өз жүрөгүмдөн өткөрүп, сезген чындык.
Бирок бардык нерсенин жаралуу доору болот эмеспи. Бир күнү Таалайгүл Ташмамбетова деген актриса, режиссёр кызыбыз: "Аялзатынын бүгүнкү образын жазып бериңизчи?" - деп сурап калды. Ошол күн 31-декабрь эле. Адатта, жаңы жылдын алгачкы ирмемдеринде бир нерсе чиймелөө мен үчүн салтка айланган. Ошондо ушул ыр бир дем менен түнкү 11 менен 12нин аралыгында жазылган. Жаңы жылдык дастаркондо анан үй-бүлөмө окуп бергем.