Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 14 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 1;
Ош облусунда – 3;
Баткен облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 2.
Ал эми бир суткада 7 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 23 медицина кызматкери айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 2 миң 981 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 242 медкызматкер айыгып чыкты.