Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлорунун кызматкерлери Баткен облусундагы жайларга дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлорунун кызматкерлери Баткен облусундагы 230 мечитте жана 5 медреседе, 13 мектепте, 7 орто жана жогорку окуу жайда, 17 мектепке чейинки мекемеде, 81 коомдук тамактануу жайында, 33 саламаттыкты сактоо мекемесинде, 8 аскердик бөлүгүндө, 5 ӨКМнын бөлүмүндө, 4 базарда дезинфекциялык иштерин аткарышты. Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында жарандардын турак үйлөрү да дезинфекцияланды", - деп жазылат маалыматта.