Супер фактылар: Короздор эмне үчүн кыйкырат?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Короздор күндүн чыгышына, таңдын атышына атайын көз салып турушпайт. Япониялык жана башка биологдор короздор ички туюму менен таң атып баратканын сезишерин аныкташкан. Башкача айтканда алар биологиялык саатка таянышат.

Короз көп үйдө кайсы короз кыйкырат?

Эгерде топто короздор көп болсо алар мушташып, эң чоң, эң күчтүүсүн аныктап алышат. Ошол башкы короз эртең менен күндө кыйкырат. Бул башка короздорго өзүнүн тобу, аймагы, аларды коргоору жөнүндө берилген сигнал. Башка үйдөгү короздор да кабыл алганынын жана алар да өздөрүнүн тобун коргоого даяр экендигинин белгиси катары кыйкырышат.

Япониялык биологдор тооктор багылган жайдан атайын башкы корозду алып коюшуп байкоо жүргүзүшкөн. Бул учурда алардын макамы боюнча экинчиде турганы кыйкырган. Тактап айтканда короздор иерархияга өтө так келишет.

Кээде кечке маал, түштө деле кыйкырып калышат эмеспи. Бул учурда короздор жөн гана айланага өздөрүнүн бар экенин, тоокторго жем таап берип жатканын, өзүнүн тобун коргоп жатканын эскертишет. Баса, эртең менен башкы короз кыйкырганга чейин тоокканадагы тоок жана башка короздор ал күндү баштабай турушат.

13.08.2020. Күн ичиндеги орун алган урунттуу окуялар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2020-08-13 11:00:05
Оо балекет короздор. Кыйын го. Менин корозум да тузук эле бар, анча мынча коншулардын короздорун тытыратып кууп, тоокторун баскылап калат кээде.
+2
TIMON_BERKOWITZ
2020-08-13 23:56:59
Ошондо короз "чык эшикке" деп кыйкырат турбайбы корсо. Соке Кокенин созун суйлогон экен да)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан