Жер жүзүндө жүрүп кубанычтан же кайгыдан ыйлоого миң себеп табылат. Бирок космос мейкиндигинде көзгө жаш алуу Жерде жүргөнгө караганда алда канча оор экенин билесизби?
НАСАнын адистеринин айтымында, космосто микрогравитация шарттарында жаш көздөн акпастан көздүн айланасында топтолуп туруп калат.
Салмаксыздык адамдын көрүүсүнө терс таасирин тийгизет, ал суюктуктун башты көздөй жылышынан пайда болот. Ошондой эле мейкиндикте көз кургап, кокус жаш пайда болсо ачыштырат. Ый көздүн чарасында топтолуп тура бергендиктен, космонавттар атайын кургак майлык менен кургатууга туура келет. Кыскасы, космосто ыйлоо ыңгайсыз, ошол эле учурда көзгө терс таасирин тийгизет.