Япониянын Осака шаарында имараттын ортосунан унаа жолу өтөт. Унаа жолу 16 кабаттуу Gate Tower Building имаратынын төртүнчү кабаттан жетинчи кабатына чейинки бөлүгү аркылуу өтөт.
1989-жылы Япония ири шаарлардагы тыгындарды жоюу максатында көп деңгээлдүү автомагистралдарды курууну чечкен.
Gate Tower Building имараты жол курулуп бүткөндөн кийин курула баштагандыктан жерден түшкөн кирешени жоготпош үчүн "Gate Tower Building" компаниясынын ээлери имараттын ортосунан унаа жолун өткөрүүнү чечишкен.