Австралияда жайгашкан Хиллер көлүнүн уникалдуу өзгөчөлүгү суунун күлгүн түсү. Ачык жашыл эвкалипт дарактары менен курчалган, узундугу 600 метрге жеткен күлгүн түстөгү көл туристтердин гана эмес, изилдөөчүлөрдүн да кызыгуусун жаратат.
Хиллер көлүн 1802-жылы британиялык деңиз саякатчысы Мэтью Флиндерс ачкан. XX кылымдын биринчи жарымында бул жерден туз казып алынган, бирок көп өтпөй казуу токтоп, көл унутулуп калган.
Буга чейин күлгүн көл боюнча бир нече изилдөөлөр болгон. Башында балырлар ага суунун ушундай түсүн берет деп ишенишкен, бирок акыркы анализдер андай эмес экенин көрсөткөн. Натыйжада окумуштуулар көлдүн түсүнүн себебин аныктай албай, учурда ал табышмак бойдон калууда.