Дүйнөдөгү кедей өлкөлөрдүн бири Бурунди тууралуу фактылар

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Дүйнө жүзүндөгү ар бир өлкөнүн өзгөчө тарыхы, климаты, кулпурган табияты жана таланттуу жашоочулары болот. Кай бири байгерчиликте жашоо сүрсө, кээ бири жакырчылыктын кемесинен чыга албай убара тартып, тарыхын жаратып келүүдө.

Супер фактылар рубрикасынын бул чыгарылышында Бурунди Республикасы тууралуу баяндап беребиз. Анда дүйнөдөгү эң кембегал өлкөлөрдүн катарынан орун алган мамлекеттин тарыхы, калктын социалдык абалы, кооз жаратылышы тууралуу кеп кылабыз.

Сөз башынан болсун.

Бурунди Республикасы – Африканын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Түндүгүнөн Руанда, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Танзания, батышынан Конго Демократиялык Республикасы жана Танганика көлү менен чектешет. Бурунди 1962-жылы 1-июлда көз карандысыздыкка жетишкен. Жалпы аянты 27 830 чарчы метрди түзүп, анда 12 миллиондон ашык (2021-жылга карата) калк күн кечирет. Өлкөнү Эварист Ндайишимие (мамлекеттин 10-президенти) 2020-жылдын 18-июнунан бери башкарып келет.

Борбору Гитега шаары. 2019-жылга чейин баш калаасы Бужумбура болгон. Ал эми 2019-жылы өлкө парламенти борбор калааны Гитега шаарына өзгөртүү чечимин кабыл алган. Анда 120 миңден ашык калк жашайт. Ал эми Бужумбура калаасында калктын саны миллионго чамалайт.

Расмий тили француз, рунди жана англис тилдери. Акча бирдиги бурунди франкы. Администрациялык-аймактык жактан 16 провинцияга бөлүнөт. Бурунди Африкадагы калк эң жыш отурукташкан өлкө. Анда калктын орточо жыштыгы 1 чарчы метр жерге 277 киши туура келет.

Аталган өлкөнүн желегиндеги жылдыздар хуту, тутси жана тва этникалык тургундарын чагылдырып турат.

Бурунди дүйнөдөгү белгилүү Танганика көлүнүн жээгинде жайгашкан. Аталган көл дүйнөдөгү эң узун тузсуз көл болуп саналат. Танганика көлүндө Кызыл китепке кирген балыктын жана өсүмдүктөрдүн 120 түрү кездешет.

Калктын 80 пайызы айыл жергесинде турушат. Мындан улам бул жерде, Африка өлкөлөрүнүн арасынан сабаттуулуктун деңгээли төмөн. Бул деген жаштардын басымдуу бөлүгү айыл чарба жумуштарынан башка нерсе менен алектенбейт дегенди түшүндүрөт. Мамлекетте чарбачылыктын негизин кулпунай жана жүгөрү түзсө, кофе, чай, пахта, буурчак, картошка, жүгөрү, шалы да өстүрүлөт. Бурундиде малды колунда бар адамдар гана багат.

Кофе, чай экспортко чыгарылган азык-түлүктөрдүн сап башында турса, унаалардын тетиктерин, транспорт жабдууларын, нефть жана нефть продукцияларын импорт кылып алат. Негизги сырткы соода шериктештери Бельгия, Германия, Пакистан, АКШ, Руанда.

Баса, Бурундиде кофени иштеткен эки завод бар. Анын бири Бужумбура калаасында болсо, экинчиси Гитези шаарында орун алган.

Өлкөдө телефон байланышы жергиликтүү тургундардын 2 пайызына гана жеткиликтүү. Ал дагы болсо колунда бар адамдарга буюрган. Ал эми компьютерди колдонгондор азчылыкты түзөт.

Баса, бул өлкөдө жарандардын басымдуу бөлүгүнүн бою узун келет. Маселен, эркектердин орточо бою 193 сантиметр болсо, аялдардыкы 175 сантиметрди түзөт. Мунун сыры катары анда дүйнөдөгү эң узун адамдардын – тутсилердин өкүлдөрү жашаганы менен чечмеленет.

Бурундиде дүйнөдөгү никель запастарынын 5 пайызы, ошондой эле алтын жана платина рудасынын көп сандаган кендери бар. Ошого карабай учурдагы убакта кембегал өлкөлөрдүн санын толуктап турат.

Өлкөдө 7 жаштан 13 жашка чейин милдетүү билим алуу каралган. Башталгыч билим берүү алты жылга созулат. Сабактар француз жана рунди тилинде өтүлөт. Ал эми мектептерде орто билим алуу үчүн 7 жыл керектелсе, кесипке ээ болуу үчүн 5 жыл билим алышат. Өлкөдө Бурунди университети жападан жалгыз мамлекеттик жогорку окуу жай болуп саналат. Билим берүү чөйрөсүндө окутуучулардын жана администрациялык кадрлардын жетишсиздиги курч көйгөйлөрдүн бири.

Өлкө квалификациялуу медицина кызматкерлердин жана дары-дармектердин жетишсиздигинен жапа чегип келет. Мындан улам менингит жана холера ооруларынын айынан өлүм саны жогору. Ачык маалымат булактарында дарыгерлердин саны өтө аз экени кабарланат.

Бурунди тарыхта биринчи жолу олимпиадалык оюнда 1996-жолу алтын медалга ээ болгон. Аны Венус Нийонгабо 5 миң метрлик аралыкка чуркоодо алган болчу. Ал алтын медалга гана ээ болбостон, АКШнын Жоржия штатынын Атланта шаарында өткөн XXVI жайкы оюндарда өз командасын Аргентина, Тайвань, Мексика жана Индиядан озуп, эң мыкты 49 олимпиадалык команданын катарына киргизген. Айта кетели, Бурунди футбол клубунун эмблемасы өлкөнүн премьер-министрине арналган.

2017-жылы 23-сентябрда Кыргыз өлкөсү менен Бурунди Республикасы ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн (2019-жылдагы маалымат).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан