Ош облусу боюнча 200гө жакын үй-бүлөгө сыналгы берилди

Бүгүн, 23-апрелде өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы абал тууралуу кезектеги онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында айылдардагы айрым үй-бүлөлөрдө онлайн сабак өтүүдө интернет жана сыналгы маселеси жаралып жатканы тууралуу суроо узатылды.

"Бул багытта иштер жүрүп жатат. Алсак, Ош облусу боюнча 200гө жакын сыналгы муктаж үй-бүлөлөргө алып берилди. Мындай демилге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, маданият өкүлдөрү тарабынан ишке ашып жатат. Ал эми интернеттин сапаты боюнча бардыгы бир убакта иштеп калып жаткандыктан, айрым учурда ал үзгүлтүккө учурап жатат. Интернеттин сапат жагын көзөмөлгө алууга аракет кылабыз", - деди Узарбек Жылкыбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KAYRATBEK
2020-04-23 13:49:05
Деги эле Кыргызстандын коп аймактарында интернет начар иштейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан