"Apple" жана "Google" коронавирус менен ооругандардын байланышын аныктоо системин иштеп чыкты

"Apple" менен "Google" компаниясы коронавирус менен ооругандардын байланыштарын аныктай турган системди иштеп чыгышты.

Апрель айында аталган компаниялар Bluetooth аркылуу коронавирус менен ооруган адамдардын байланыштарына аныктай турган ExposureNotification технологиясын иштеп чыгышканын жарыялашкан. 4-майда алар иштеп чыккан үлгүнү iOS жана Android уюлдук аппараттарына ылайыкташкан тиркемелерди жөнөтүп, аны иштетүү шарттарын ачыкташкан. "Apple" жана "Google" компаниясынын билдиришинче, систем эч кимди мажбурлабай, адамдын уруксаты менен гана иштеп, минималдык маалымат алат.

"Медуза" басылмасы технологиянын кандайча иштери тууралуу билдиришкен.

Жакын турган iOS жана Android уюлдук аппараттары бири-бири менен Bluetooth аркылуу атайын "маяк" менен алмашат. Ал өз учурунда идентификаторду күйгүзүп алат. Гаджеттер "маяктарды" айланадагы девайстарга жөнөтүп, жакын аралыктагы бардык гаджеттердин "маяктарын" жаздырып алат. Күнүнө кеминде бир жолу смартфон же планшет серверден коронавирус жуктурган колдонуучулар тууралуу "маяктарды" маалыматты көчүрүп, өзүндөгү маалымат менен салыштырып турат. Эгер эки маалымат туура келсе, колдонуучу коронавирус менен ооруган адам менен байланышканы тууралуу уюлдук аппаратына билдирүү келет. Андан тышкары мындан ары эмне кылуу керек, кеңештери берилет.

Маалыматка ылайык, аталган систем өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан гана түзүлүп, колдонуучулардын уруксаты менен ишке ашырылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан