Орусияда апрель айынан бери сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын эң аз көрсөткүчү катталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 940 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 85 адам каза болсо, 3 миң 258 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 578;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 236;

Свердлов облусунда - 254.

Бул көрсөткүч Орусияда сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен апрель айынан бери эң аз көрсөткүч.

Муну менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 777 миң 486 адамдан коронавирус аныкталды. 12 миң 427 адам каза болсо, 553 миң 602 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuret94
2020-07-20 17:03:36
Кудайыма шүгүр барган сайын азайып баратат
+3
Arstan18.18
2020-07-20 23:41:48
Кыргызстаным жаман болуп атканда Орусияда азайып жоголуп кеткенида жакшы канча кыргыз боордоштор журот , канчасы кайрымдуулукка акча чогултуп жер жерлигине болунуп апарат даары дармек алып жиберип жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан