Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. 3-майга карата кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

3-майга карата 26 адамдан коронавирус аныкталып, анын ичинен эң көбү, тагыраагы 14 адам Бишкек шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Муну менен ооругандардын жалпы саны 795ке өстү.

Бир сутка ичинде ооруну жуктургандарга салыштырмалуу айыккандар көбүрөөк болуп, 3-майга карата 37 бейтап илдеттен арылып, медициналык жайлардан чыгарылды.

Бул күнү ооруну жуктургандардын арасында 7 медициналык кызматкер бар экени айтылды.

Бир күн мурда каза болгон №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери 30 жылдан ашуун медицина тармагында иштегени жана анын үй-бүлөсүнө миллион сом компенсация төлөнөрү айтылды.

3-майда өткөн брифингде Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов май айынын аягында вирус жок болуп каларын айтты.

"Манас" транзиттик ташуулар борборунун аймагында даярдалган обсервациялык пункттар менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов таанышып чыкты. Анда бир эле учурда 670 адамды жайгаштырууга мүмкүн болгон жайды обсервация катары пайдаланууга, ошондой эле оорусу жеңил өтүп жаткан же тиешелүү медициналык көзөмөл үчүн илдеттин белгилери билинбеген бейтаптарды жайгаштырса болору кабарланды.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан