Ош шаарында 11 жаштагы жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"1-сентябрь күнү Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын 2009-жылы туулган кызына карата ушул эле күнү саат 10:00 чамасында бир тууган иниси сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирген. Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары жабырлануучунун таякеси 1990-жылы туулган жаран кармалды.
Аталган бөлүмдүн тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 164-беренеси ("16 жашка толо элек жаран менен сексуалдык аракеттер") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды.
1990-жылы туулган шектүү жаран 2-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуга карата тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти башкармалыктан.