Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
• Баткен облусунда – 2;
• Жалал-Абад облусунда – 2.
Ал эми бир суткада 2 медкызматкер айыкты делинип, ооруканалардан чыгарылды. Үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыкты.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 3149 медкызматкерге коюлса, алардын ичинен 2550 ак халатчан айыгып чыкты.