Таиланд эли коронавирус менен күрөшүп жаткан маалда ханы Маха Вачиралонгкорн бир да жолу элин колдоп, эч кандай кайрылуу жасаган жок деп нааразы болушууда. Хан коронавирус эпидемиясынын бүтүшүн чет элде күтүүнү туура көргөн.
Ал февраль айында эле өзүнүн жакындары жана кол алдында иштегендери менен Германияда жайгашкан резиденциясына кеткен. Ага жакын болгон 119 адам коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген шек менен карантинге алынган. Мындан улам ханга орун которууга туура келген.
Немис басылмаларынын жазып чыкканына таянсак, Маха Вачиралонгкорн Бавариядагы 4 жылдыздуу "Sonnenbichl" мейманканасында жергиликтүү бийликтин уруксаты менен бир нече бөлмө алып, өзүн карантинге алууну чечкен. Аталган мейманкана өзүнүн тынч жана жаратылышы кооз жерде жайгашканы менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле бул мейманканада тейлөө эң жогорку деңгээлде.
Маалыматка ылайык, хан карантинде зерикпейт. Анткени ал өзү менен гаремдеги 20 кызын да ала келген. Алардын арасында хандын жубайы Сутхида бар же жогу азырынча белгисиз.