Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө 75 бейтап чыгарылды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Бишкек шаары – 23;
Чүй облусу – 18;
Ош шаары – 4;
Ош облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 20;
Нарын облусу – 3;
Талас облусу – 2.
Республика боюнча жалпы 3735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1897 киши айыкты.
Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны - 5 миң 632 кишини түздү.