Өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан жалпы кош бойлуу 16 аял каза болду. Бул тууралуу профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеров онлайн брифинг учурунда билдирди.
"Коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдардын арасынан жеңил даражадагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан. Учурда вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Бүгүнкү күнгө чейин 536 кош бойлуу аял дарыланып чыккан. Тилекке каршы 16 өлүм катталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында, бул учурлар оор даражада болуп, дарыланууга карабастан каза болушкан. Ошондой эле учурда кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлдү”, - деди ал.