Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 3 киши каза болду. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Каза болгондордун ичинен экөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда катталды. Маалыматта алар вакцина алышпаганы белгиленет.
Республика боюнча аталган илдеттен каза болгондордун жалпы саны 2814 кишини түздү.